Айпери Медет кызы Бишкектеги Азия чемпиондугунда алтын медаль утту

Ошентип, Айпери Азиянын эки жолку чемпиону болду. Биринчи алтынды эки жыл мурда Улан-Батордо континенталдык биринчиликте алган эле.
Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Айпери Медет кызы Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда алтын медаль утту. Бул туурасында Бириккен күрөш дүйнөсүнөн билдиришти.
Медет кызы 76 килограммга чейинки салмактагылардын кармашында үч атаандаш менен таймашты. Жыйынтыгында Индия, Казакстан жана Кытай спортчуларын жеңип алды.
Ошентип Айпери Азиянын эки жолку чемпиону болду. Биринчи алтынды эки жыл мурда Улан-Батордо континенталдык биринчиликте алган эле.
Бул чемпиондукта дагы эки кыргызстандык кыз коло медаль тагынды. Арууке Кадырбек кызы (55 кг) казакстандык атаандашын 4:3 эсеби менен, ал эми Гүлнура Таштанбекова (68 кг чейинки салмакта) казакстандык спортчуну утуп, коло медалга татыды.
Азия чемпионаты: эркин күрөш боюнча Кыргызстан 3-орунду ээледи