Антальядагы асма жол кырсыгы: кыргызстандык аял ооруканага жаткырылды

Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Антальядагы асма жолдун кабинасы кулаганда жабыркаган кыргызстандык аял ооруканага тик учак менен жеткирилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Маалыматта мекендештин далы жана буттары көгөргөнү, ооруканага жаткырылганы айтылды. Кыргызстандын консулдугунун кызматкерлери аялдын ал-абалынан кабар алып келишкенин билдиришти.
Эске салсак, буга чейин Антальяда асма жолдун кабинасы бийиктен кулап, бир адам каза болгону, жети адам жабыркаганы айтылган. Кырсыктын себеби азырынча белгисиз.
Теги кыргызстандык аял Түркияда айыл башчы болду. Видео