Антальяда асма жолдун кабинасы кулап, кыргызстандык аял да жабыркаганы айтылууда. Видео

Кырсыктын себеби азырынча белгисиз. Аймакка өрт өчүрүүчүлөр, полиция, дарыгер жана куткаруучулар жөнөтүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Антальяда асма жолдун кабинасы бийиктен кулап, бир адам каза болду. Жабыркаган жети кишинин арасында кыргызстандык аял бар экенин түркиялык ЖМКлар жазышууда.
Окуя Антальянын батышындагы Коньяалти жээгинен тоого чыккан асма жолунда болгон. Ичинде жүргүнчүсү бар кабина аскага жакын жерге кулаган.
"Жүрүп бараткан кабиналардын бири белгисиз себептерден улам кулап түшкөн", — деп айтылат IHA агенттигинин маалыматында.
Асма жол иштебей калгандыктан 25 кабинада 184 адам камалып калып, алар тик учактын жардамы менен куткарылганы кабарланды.
Аймакка өрт өчүрүүчүлөр, полиция, дарыгер жана куткаруучулар жөнөтүлгөн.
Теги кыргызстандык аял Түркияда айыл башчы болду. Видео