Садыр Жапаров Жалал-Абад облустук клиникалык оорукананын жаңы имаратын ачты

Анда терапия, неврология жана жасалма бөйрөк бөлүмдөрү жайгашат.
Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жаңы имаратын ачты.
1 / 5

Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жаңы имаратын ачты

2 / 5

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, имараттын курулушу республикалык бюджеттин эсебинен 2023-жылдын май айында башталган

3 / 5

Үч кабаттуу имарат 100 кишиге ылайыкталган. Анда терапия, неврология жана жасалма бөйрөк бөлүмдөрү жайгашат.

4 / 5

Жапаров мамлекет алдын алуу иш-чараларына көңүл буруп, адамдардын ден соолугуна кам көрүп, мындай заманбап медициналык имараттарды курууга милдеттүү экенин баса белгиледи

5 / 5

Анын айтымында, жашоочулар керектүү кызматтардын жана шарттардын толук комплекси менен дарылана алышат жана дарыгерлер заманбап, ыңгайлуу имаратта ишин улантышат

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, имараттын курулушу республикалык бюджеттин эсебинен 2023-жылдын май айында башталган. Үч кабаттуу имарат 100 кишиге ылайыкталган. Анда терапия, неврология жана жасалма бөйрөк бөлүмдөрү жайгашат.
Жапаров мамлекет алдын алуу иш-чараларына көңүл буруп, адамдардын ден соолугуна кам көрүп, мындай заманбап медициналык имараттарды курууга милдеттүү экенин баса белгиледи. Анын айтымында, жашоочулар керектүү кызматтардын жана шарттардын толук комплекси менен дарылана алышат жана дарыгерлер заманбап, ыңгайлуу имаратта ишин улантышат.
Жалал-Абадда "эскерүү бактары" отургузулду