Быйыл көл жээктеп жөө басууга жана велосипед менен жүрүүгө ылайыкталган 15 чакырым жол салуу пландалууда. Бул тууралуу Жапарбек Ормонов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, райондун аймагына дагы бир завод куруу каралып жатат. Учурда Бостери айыл өкмөтүндө гана таштандыны кайра иштетүүчү завод бар.
"Азыр Чолпон-Ата, Бостери, Кара-Ой айыл өкмөттөрүнүн саркынды суу маселеси чечилип жатат. Тамчы айыл өкмөтүндө да бул жаатта көйгөй бар. Тору-Айгыр айылында жуунуу үчүн таза суу жок. Бул акырындан жолго коюлат. Муну менен катар парк, эс алуу жайлары үчүн комплекстүү иштерди жасап жатабыз. Ысык-Көлдө суу транспортунун алдынан май, саркынды суулардын сарыгып чыгышы маселе жаратып келген. Негизи көл үстүн жана сууну башка, ал эми пляжды өзүнчө орган тейлейт. Мындан тышкары, экологдор, экологиялык полиция, суу транспортун көзөмөлдөө бар. Бардык тармактар жоопкерчиликти алуудан качып келишкен. Быйыл атайын штаб түзүлөт. Көл жээгин тейлеген органдар чогуу иш алып барсак маселе чечилет. Ар бир тармактын жасай турган иши жободо бекитилген. Бул жерде координациялык түзүм биригип, талаптар бузулса чечкиндүү кадамдарга барабыз", — деди Ормонов.
Ал жергиликтүү бийликтин тейлөөчү кадрлары 100 миң адамга гана ылайыкталганын кошумчалады.