Ысык-Көлдө Корумду — Балбай баатыр жолун реконструкциялоо башталды

Курулуш учурунда абага көмүр кычкыл газы чыкпашы үчүн пилоттук жана эксперименталдык долбоор катары электр самосвалдары колдонулмакчы
Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ысык-Көл айланма жолунун Корумду — Балбай баатыр участогун реконструкциялоонун башталышы менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
1 / 2

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ысык-Көл айланма жолунун Корумду — Балбай баатыр участогун реконструкциялоонун башталышы менен таанышты

2 / 2

Анда Жапаров жолдун жалпы баасы 111,07 миллион долларды түзөрүн айтып, анын ичинен 1,1 миллиард сом (12,8 млн доллар) бюджеттен бөлүнгөнүн белгилеген

Анда Жапаров жолдун жалпы баасы 111,07 миллион долларды түзөрүн айтып, анын ичинен 1,1 миллиард сом (12,8 млн доллар) бюджеттен бөлүнгөнүн белгилеген. Ошондой эле минкаб башчысы курулуш иштерин бекитилген графиктен кечиктирбей өз убагында жана сапаттуу бүткөрүүнү тапшырганы айтылды.
"Жолдун узундугу 79,3 чакырым. Долбоордун алкагында төрт тилкелүү жол, тротуар, жалпы узундугу 79 697 метр веложол, 14 көпүрө, 877 суу өткөргүч, анын ичинде эки жер астындагы өтмөк, жолдун үстүнө үч көпүрө куруу каралган. Курулуш учурунда абага көмүр кычкыл газы чыкпашы үчүн пилоттук жана эксперименталдык долбоор катары электр самосвалдары колдонулат", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, министрлер кабинетинин төрагасы Балыкчы — Барскоон — Каракол унаа жолунун курулушу менен таанышты. Долбоорду 2025-жылы аяктоо пландалган.
Радио
Ысык-Көл районунун акими саркынды суу маселесинин чечилишин айтты