Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Лукашенко: Украинадагы тынчтык боюнча кепке келгенге бардык негиз бар

Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Беларустун президенти Александр Лукашенко Россия лидери Владимир Путин менен жолукканда Украинадагы тынчтык процесстери боюнча РФтин кадамдарын Минск колдоорун, кепке келгенге бардык негиздер бардыгын айтты. Бул боюнча РИА Новости жазды.

"Бул чатактагы тынчтык процесси боюнча Россиянын жетекчилигинин, сиздин позицияны толук колдойм. Кепке келип, сүйлөшүү үчүн бүгүн бардык негиздер бар. Бирок алар муну каалашпайт, эмнеге экени түшүнүктүү", — деген Лукашенко.

Анын айтымында, "эгерде океандын ары жагындагылар тынчтык тууралуу сүйлөшкүсү келсе, аны Украинадагылар да угат".
"Украиналыктар өзгөчө эл, билиши лаазым. Бул бизден көз каранды эмес, топ алардын тарабында", — деген Лукашенко.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленскийдин Москва менен сүйлөшүү боюнча сөзүнө Захарова пикирин айтты