БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Балбан Тайырбек Жумашбек уулу Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынан алтын медаль утту.
Ал эркин күрөш боюнча 61 килограмм салмак категориясында беттешти. Финалдык кармашта казакстандык каршылашы Ассыл Айтакынды 3:1 эсеби менен жеңип алды.
Белгилей кетсек, бул Кыргызстан үчүн аталган мелдештеги алгачкы алтын. Кечээ өлкөнүн курама командасынын куржунуна эки коло медаль түшкөн. Азия чемпионаты 16-апрелге чейин болмокчу.