Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Ташиев спикердин чет тилдеги мультфильмдерге бөгөт коюу сунушун колдогон жок

УКМК төрагасы эне тилди өнүктүрүү үчүн башка тилдерди коомдун күнүмдүк турмушунан азайтуу адашкандык экенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Орус тили биздин келечек муун үчүн өтө маанилүү. Кыргыз тили эне сүтүбүз менен каныбызга сиңген, өмүр өткөнчө унутпайбыз. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 7-каналга маек куруп жатып билдирген.
Анын айтымында, кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн башка тилдерди коомдун күнүмдүк турмушунан азайтуу адашкандык.

"Тил маселесине келгенде терең ойлонуу менен мамиле кылышыбыз кажет. Мен ачыгын айтайын, кыргыз тилин өнүктүрүү же сактап калуу үчүн башка тилдерди коомубуздун күнүмдүк турмушунан азайтуу адашкан пикир. Себеби башка тилдер болбосо кыргыз тили да өнүкпөйт. Биздин келечек муун кыргыз тили менен эле бирге башка тилдерди да билиши керек", — деген Ташиев.

Ошондой эле университетке окуу үчүн Россияга жаңы барганда тилден кыйналганын айткан.
"Орус тили биздин келечек муундар үчүн өтө маанилүү. Спикерди бул маселеде колдой албайм. Кыргыз тили эне сүтүбүз менен каныбызга сиңип калган, өмүр өткөнчө унутпайбыз", — деген УКМК төрагасы.
Ташиев ЖК төрагасы Нурланбек Шакиевдин "арабдашып кеттик" дегени боюнча "мусулман калк экенибизди эстен чыгарбайлы" деди.
Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев наристелердин тили орусча чыгып жатканын айтып, муктаждык болсо балдар үчүн чет тилдеги контентке бөгөт коюу керектигин айткан.
Садыр Жапаров: орус тилсиз иштөө мүмкүн эмес