Садыр Жапаров: орус тилсиз иштөө мүмкүн эмес

Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Орус тилсиз иштөө мүмкүн эмес. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабарга" берген маегинде билдирди.
Журналист Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев наристелердин тили орусча чыгып жатканын айтып, муктаждык болсо балдар үчүн чет тилдеги контентке бөгөт коюу керектигин айтканы боюнча пикирин сураган.
Мамлекет башчы орус, англис тилдери боюнча айтканы Нурланбек Шакиевдин жеке пикири экенин белгилеп, мамлекеттик саясат таптакыр башка экенин кошумчалады.
"Орус, англис тилдери дүйнөлүк тилдер. БУУда канча тил болсо орус, англис тилдери алардын ичинде. КМШ өлкөлөрүндө орус тилсиз иштөө мүмкүн эмес. КМШ өлкөлөрү эле эмес, Европанын айрым өлкөлөрүнө, АКШга жана башка бир топ өлкөлөргө расмий сапарлар менен барганда котормо орус тилинде болот. Өздөрү "биз орус тилчи котормочу аркылуу сүйлөшөбүз" деп айтышат", — деген мамлекет башчы маегинде.
Жапаров спикердин кыргыз ысымдары боюнча айткандарына дагы комментарий берип, бул ар кимдин өзүнүн иши экенин белгилеген. “Эң негизгиси, жүрөгү, каны кыргызмын деп соксо болду. Мисалы, Мухаммед деген аттар бизде деле бар. Негизи көп эле аттар окшош келет”, — деген өлкө башчы.
Ошондой эле ал спикердин кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча сунуштарына эч ким каршы эместигин кошумчалаган.
Садыр Жапаров: күчтүү кадрлар жетишпей жатат