Садыр Жапаров Улуттук бакубатчылык фондун түзүү идеясын колдоого алды

Демилге көтөргөн компания 70 жылдан бери 150дөн ашуун өлкөдө иш алып барат.
Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Franklin Templeton глобалдык инвестициялык-финансылык холдингинин башкы инвестициялык директору Манрадж Секхон баштаган делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Президент Садыр Жапаров Franklin Templeton глобалдык инвестициялык-финансылык холдингинин башкы инвестициялык директору Манрадж Секхон баштаган делегацияны кабыл алды

2 / 3

Жолугушууда Манрадж Секхондун Кыргызстанда Улуттук бакубатчылык фондун түзүү идеясы Садыр Жапаров тарабынан колдоого алынганы белгилүү болду

3 / 3

Фонддун максаты мамлекеттик ишканаларды башкарууну жакшыртуу, капиталды жана стратегиялык инвестицияларды тартуу, социалдык-экономикалык көрсөткүчтөргө жетишүү болуп саналат

Анда мамлекет башчы Кыргызстанда эл аралык каржы уюмдар жана инвесторлор менен кызматташууга өзгөчө көңүл буруларын жана өлкө инвесторлорго жагымдуу шарт түзүүгө умтуларын белгиледи.
Жолугушууда Манрадж Секхондун Кыргызстанда Улуттук бакубатчылык фондун түзүү идеясы Садыр Жапаров тарабынан колдоого алынганы белгилүү болду.
"Фонддун максаты мамлекеттик ишканаларды башкарууну жакшыртуу, капиталды жана стратегиялык инвестицияларды тартуу, социалдык-экономикалык көрсөткүчтөргө жетишүү болуп саналат. Ал Кыргыз фондулук биржасында жана глобалдык аянтчалардын биринде листингден өткөрүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Садыр Жапаров: орус тилсиз иштөө мүмкүн эмес