Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин Россиянын Украинадагы энергообъектилерге жасаган чабуулдары жөнүндө айтты

Дмитрий Песков армия эл жашаган үйлөр менен социалдык объектилерди бутага албастыгын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин Беларусь президенти Александр Лукашенко менен жолугушууда РФтин Украинанын энергообъектилерине жасаган чабуулдарын демилитаризация деп атады. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Энергетикага боюнча чабуулдар да биздин алдыбызга койгон милдеттердин бирин чечүүгө байланыштуу, бул демилитаризация", — деп белгилеген ал.
Президенттин айтымында, мындай жол Украинанын коргонуу өнөр жай комплексине түздөн-түз таасир этет.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн жарандык объектилерине жасаган соккусуна жооп кылып россиялык аскерлер өлкөнүн энергетика, коргонуу өнөр жайы, аскердик башкаруу жана байланыш тармагынын инфраструктураларына чабуул жасап келет. Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков армия эл жашаган үйлөр менен социалдык объектилерди бутага албастыгын айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Запорожье АЭСи дрондордун чабуулуна кабылып, адамдар жабыркады