Акылбек Жапаров: санкциялардан коркпойбуз, алар менен деле жашоо уланат

Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Санкциялардан коркпойбуз, жашоо алар менен деле уланат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Мир" картасы боюнча "Кабарга" берген маегинде билдирген.
Эске салсак, апрелде Кыргызстанда "Мир" карталарын тейлөө токтотулган. Журналист өкмөт башчыга мындай чечим салынышы мүмкүн делген санкция коркунучунан улам кабыл алындыбы деген өңүттө суроо узаткан.
Акылбек Жапаров өз жообунда "Мир" карталарын тейлөөнү токтотуу чечимин өкмөт кабыл албаганын белгиледи.
"Биринчиден, биз эч кандай санкциялардан коркпойбуз. Жашоо алар менен да уланат. Экинчиден, санкцияларды колдонууга объективдүү негиз жок. Үчүнчүдөн, "Мир" картасын токтоткон биз эмес. Бул тууралуу токтотулгандан кийин билдик. ИПКны (Банктар аралык процессинг борбору, редактордун эскертүүсү) коммерциялык банктар башкаргандыктан өкмөткө тиешелүү болбой калды", — деген Жапаров.
Ал "Мир" картасынын иштеши Кыргызстанга пайдалуураак экенин айтып, Россияда миллиондон ашык кыргыз жараны бар экенин эске салган.
"Үч жылдан бери Россиядан Кыргызстанга өзүнүн банкын же чоң банктын филиалын ачууну суранып келебиз. Убада беришет, бирок дагы деле ача элек. Жок дегенде бир банк филиалын ачышса жакшы болмок", — деген министрлер кабинетинин төрагасы.
АКШ Кыргызстандык компанияны санкция тизмесине киргизди