"Бетме-бет турабыз". Лукашенко Беларустун батыш чек арасындагы кырдаал тууралуу

Өлкө башчы Беларустун коңшулары мигранттардын "ондогон өлүктөрүн чек ара аркылуу ыргытып" салып жатышканын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Беларустун президенти Александр Лукашенко АКШ менен Германия өлкөнүн батышындагы чек ара аймактарын көздөй аскерлерин жиберип, оор кырдаал түзүлүп, алар менен "бетме-бет" турушканын айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Кырдаал оор", — деп жооп берген Лукашенко РФ президенти Владимир Путиндин Беларустун батыш тараптагы чектери туурасында берген суроосуна.
Беларусь лидери Польша жетекчилигинин саясаты түйшөлтүп жатканын билдирип, "аларга конфронтациянын эмне кереги бар" деп собол узатып, Путинге Беларустун коңшулары мигранттардын "ондогон өлүктөрүн чек ара аркылуу ыргытып" салып жатышканын айтып берген. Президенттин билдиргенине караганда, бул чек арада чыңалууну жаратып, литвалыктар аскердик машыгууларды жүргүзүп жатат.
"Майда дагы бирди өткөргөнү турушат. Чек арада бетме-бет келип турабыз. Таң калычтуусу, сабак болбоптур. Литва, Польшага америкалык, немецтик батальондор жайгашып жатат", — деген ал.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин Россиянын Украинадагы энергообъектилерге жасаган чабуулдары жөнүндө айтты