Радио

Орнитолог: Кызыл китепти жаңылоого убакыт келди

Улуттук илимдер академиясына караштуу Сапаш Касиев атындагы зоологиялык музейдин илимий кызматкери, орнитолог Сейитказы Сагынбаев Кыргызстандын Кызыл китеби акыркы жолу 2007-жылы жаңыланганын айтты.
Sputnik
Жаратылышты коргоо мекемелери, Улуттук илимдер академиясынын Биология институту жана бардык тиешелүү мамлекеттик органдар биргеликте Кызыл китепти жаңылоо ишин жүргүзүү керек. Ал дайыма өзгөрүп, ошого жараша чаралар колдонулуп турушу зарылдыгын Сейитказы Сагынбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө кээ бир жаныбарлардын, канаттуулардын саны көбөйүп жаткандыктан аларды Кызыл китептен чыгарып, эмне себептен мындай болуп жаткандыгы аныкталышы керек.
"Кыргызстандын Кызыл китеби 1985-жылы түзүлгөн. Ага жоголуп бараткан же жоголуу алдында турган сейрек жаныбарлар катталган. 20 жылдан ашык убакыттан кийин бул документ 2007-жылы өзгөртүлгөн. Бирок шартты, климаттык өзгөрүүлөрдү, демографиялык абалды эске алып, дайыма байкоо жүргүзүп туруу кажет. Жаратылышты коргоо мекемелери, Улуттук илимдер академиясынын Биология институту жана бардык тиешелүү мамлекеттик органдар биргеликте Кызыл китепти иштеп чыгышы керек. Жаныбарлар дүйнөсүндө көп өзгөрүүлөр бар. Бирок аны жөн гана түзүп коюу туура эмес. Кайсы аймакта жаныбарлар көбөйүп жатканы, кайсы жерде азайып жатканы аныкталып, ошого жараша жаратылыш парктарын, коруктарды түзүү керек, аларды сактоо жолдору, жаңы ыкмалар иштелип чыгышы зарыл", — деди Сагынбаев.
Ошондой эле адис жаратылышты коргоо тармагында илимий кызматкерлердин саны жетишпей тургандыгын кошумчалады.