Кыргызстанда ЖККУнун машыгуулары өтөт

ЖККУнун машыгуулары Казакстан менен Тажикстанда да өткөрүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. 2024-жылы жамааттык күчтөр менен биргелешкен машыгууларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча алгачкы штабдык сүйлөшүүлөр ЖККУнун штабында өттү.
Уюмдун маалымат кызматы билдиргендей, 2024-жылы төмөнкүлөр пландаштырылууда:
Кыргызстан — "Биргелешкен аракет-2024", "Издөө-2024" жана "Эшелон-2024" машыгуулары;
Казакстан — "Бузулгус бир туугандык-2024";
Тажикстан — "Рубеж-2024".
ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы Борбор Азияга жаралчу коркунучтарды атады