Денис Петрашов АКШдагы эл аралык мелдеште алтын утту. Видео

Мелдеш 11-апрелде АКШнын Сан-Антонио шаарында өткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Сууда сүзүү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Денис Петрашов АКШда өткөн эл аралык мелдештин жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, турнир 11-апрелде Сан-Антонио шаарында өткөн.
"Петрашов 62 спортчу катышкан 100 метр аралыкка брасс жарышында 1 мүнөт 0,49 секундда келип финалга чыккан. Финалдык сүзүүдө 59,83 секундалык жыйынтык менен биринчи орунду ээледи", — деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек Денис Петрашов 24 жашта. Ал брасс үлгүсүндө 50, 100, 200 метр аралык боюнча бир нече мелдеште жеңишти камсыздаган.
Денис Петрашов Азия чемпионатынан дагы бир алтын утту