Жалал-Абадда "эскерүү бактары" отургузулду

Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Жалал-Абад дубанынын аймагында "эскерүү бактары" отургузулганын Россиянын Оштогу илим жана маданият борбору ("Русский дом") билдирди.
Ардагерлер, дин уюмдарынын өкүлдөрү, окуучулар, студенттер "Жеңиш" аянтына 100 түп көчөт отургузушту. Аталган жай Улуу Жеңиш күнү — 9-Майга карата реконструкцияланмакчы. Аянтта Өчпөс от күйүп, Белгисиз жоокердин айкели тургузулат. Андан сырткары, Жалал-Абаддагы мектептердин биринин аймагына да мөмө бере турган бактардын көчөтү тигилген.
1 / 3

Жалал-Абад дубанынын аймагында "эскерүү бактары" отургузулганын Россиянын Оштогу илим жана маданият борбору ("Русский дом") билдирди

2 / 3

Ардагерлер, дин уюмдарынын өкүлдөрү, окуучулар, студенттер "Жеңиш" аянтына 100 түп көчөт отургузушту

3 / 3

Аянтта Өчпөс от күйүп, Белгисиз жоокердин айкели тургузулат. Андан сырткары, Жалал-Абаддагы мектептердин биринин аймагына да мөмө бере турган бактардын көчөтү тигилген

Бул иш-чара аймактарда "Жеңиштин ыктыярчылары" эл аралык кыймылынын демилгеси менен жасалып келет.
"Эскерүү багы" — Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын элесине арнап дүйнө жүзүнө 27 миллион бак отургузуу камтылган эл аралык акция.
Ошто миңден ашуун адам катышкан "Өлбөс полкту" Акылбек Жапаров баштап чыкты