Азия чемпионаты: Улукбек Жолдошбеков менен Алибек Осмонов коло алды

Ири мелдештин алгачкы күнүндө курама команданын капчыгына эки медаль түштү.
Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар Улукбек Жолдошбеков менен Алибек Осмонов үчүнчү орунга ээ болушту.
Спорттук мелдеш “Бишкек Аренада” өтүүдө. Бүгүн чемпионаттын ачылышы болуп, алгач эркин күрөш боюнча кармаштарга старт берилди.
1 / 3

Спорттук мелдеш “Бишкек Аренада” өтүүдө. Бүгүн чемпионаттын ачылышы болуп, алгач эркин күрөш боюнча кармаштарга старт берилди

2 / 3

Жолдошбеков 65 килограмм салмактагылар арасында күрөштү. Ал беттештин башында жеңилип, кийин атаандашы өз каршылашын уткандан кийин үчүнчү орун үчүн ат салышууга мүмкүнчүлүк алган. Коло үчүн беттеште өзбекстандык Аббос Рахмоновду 6:4 эсебинде жеңип алды.

3 / 3

Ал эми Алибек Осмонов 70 килограммга чейинки салмак ченинде килемге чыгып, чечүүчү кармашта Мустафо Ахмедов аттуу тажикстандык балбанды утуу менен коло байгеге татыды

Жолдошбеков 65 килограмм салмактагылар арасында күрөштү. Ал беттештин башында жеңилип, кийин атаандашы өз каршылашын уткандан кийин үчүнчү орун үчүн ат салышууга мүмкүнчүлүк алган. Коло үчүн беттеште өзбекстандык Аббос Рахмоновду 6:4 эсебинде жеңип алды.
Ал эми Алибек Осмонов 70 килограммга чейинки салмак ченинде килемге чыгып, чечүүчү кармашта Мустафо Ахмедов аттуу тажикстандык балбанды утуу менен коло байгеге татыды.
Азия чемпионаты 16-апрелге чейин болмокчу.
Бишкекте күрөш боюнча Азия чемпионатынын ачылыш аземи. Видео