Айдоочулук күбөлүк алуу үчүн сынак тапшыра албагандар улам көбөйүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алуу үчүн сынакты тапшыра албагандар жыл сайын көбөйүп жатканын "Унаа" мамлекеттик ишканасы билдирди.
Маалым болгондой, өткөн жылы курсанттардын 12,1 пайызы гана сынактан өткөн.
Мамлекеттик ишкананын статистикасына ылайык, 2022-жылы абитуриенттердин жалпы санынын 18,68 пайызы, 2021-жылы 28,06 пайызы, 2020-жылы 39,86 пайызы, 2019-жылы 29,88 пайызы тесттен өткөн.
Дөңгөлөк алмаштыруу жетишсиз. Жазында унаанын эмнесин текшертүү керек