Бишкектин "Ала-Тоо" борбордук аянты реконструкцияланат

Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Бишкектин "Ала-Тоо" борбордук аянты реконструкцияланат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө реконструкциялоонун эскиздик долбоору аяктоо стадиясында турат, жакынкы арада аны ишке ашыруу боюнча иштер башталат.
"Реконструкциялоонун башталышына байланыштуу коомдук жайлар, Эмгек даңкы, Достук скверлери, Таттыбүбү Турсунбаева атындагы сейил бак жана Эл достугу монументи, анын ичинде "Ала-Тоо" аянтындагы адамдар өтүүчү зоналар убактылуу жабылат", — деп айтылат маалыматта.
Бишкек шаарынын мэриясы реконструкциялоого байланыштуу убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сураган.
Каралбай калган! "Ала-Тоо" аянтындагы жер төлөнүн азыркы абалы. Сүрөт