Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Мобилизациядан качып... Агымы катуу дарыядан өткөн кишинин видеосу

Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Интернет айдыңында агымы катуу дарыядан кооптуулукка карабай жалгыз адамдын өтүп бара жаткан видеосу тарады. Бул туурасында жазган Sputnik Ближнее зарубежье ал украиналык киши экенин билдирди.
Кадрдан аны суу бир топ жерге чейин агызып барганын, бирок ал кыйгачтап жылып отуруп, аркы жээкке чыкканын көрүүгө болот.
"Украиналык киши мобилизациядан качып өмүрүн тобокелге салган, ал Тиса дарыясы аркылуу өтүп, Румынияга жашырынган", — деп жазды аталган канал.
Маалыматта өлкөдөн качып, бул дарыядан сүзүп өтөм деген 22ге чукул украиналык көз жумганы айтылган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Аскерге жарамдуулар Украинадан ар кыл ыкма менен чыгып кетүүдө