Пресс-борбор

Транспорт министрлиги: быйыл 500 чакырым жол куруу пландалууда

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин унаа жолдор башкармалыгынын башчысы 2024-жылга карата мекеменин планын айтып берди.
Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Быйыл өлкөдө 500 чакырым жол куруу пландалып жатканын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин унаа жолдор башкармалыгынын башчысы Абсамат Талантбек уулу Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн брифингде билдирди.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин унаа жолдор башкармалыгынын башчысы Абсамат Талантбек уулу
Ага министрликтин 2024-жылга карата пландары тууралуу суроо узатылган.
"500 чакырымга чукул жол куруу пландалууда", — деп жооп берди Талантбек уулу.
Тактап айтканда:
Ош — Баткен — Раззаков унаа жолунун 13-чакырымында асфальттын экинчи катмары төшөлүп, тротуар курулат;
Ала — Бука — Жаңы-Базар — Кировка автожолунун 40 чакырымдайы жасалат (жолдун узундугу 100 чакырым);
Нарын — Баетов жолунун 20 чакырымы оңдолот.
Ысык-Көлдө Корумду — Балбай баатыр жолун реконструкциялоо башталды