ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 13%га кыскарды

Февралдын этегине карата биримдиктеги беш өлкөдө 827,5 миң адам жумушсуз деп катталган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Евразия экономикалык биримдигинде жумушсуздук 13 пайызга кыскарды. Бул тууралуу ЕЭКтен маалымдашты.
Билдирүүдө февралдын этегине карата биримдиктеги беш өлкөдө 827,5 миң адам жумушсуз деп катталып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13 пайызга кыскарганы белгиленген.
"Бул — жумушчу күчтүн 0,9 пайызы. Былтыр февралда бул көрсөткүч бир пайызды түзгөн", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда өткөн жылы 74 миң адам жумушсуз деп катталса, быйыл февралга карата көрсөткүч 65,1 миңге чейин түшкөн.
Радио
Эт жана эт азыктары ЕАЭБдин жаӊы техрегламентине жооп бериши керек