Бишкекте нейрохирургдар 8 жашар кыздын мээсинен тутам чач алып чыгышты

Операцияга Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун алдыңкы нейрохирургдары катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун нейрохирургия бөлүмүндө мээге уникалдуу операция жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
1 / 2

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун нейрохирургия бөлүмүндө мээге уникалдуу операция жасалды

2 / 2

Мээнин 4-карынчасынын түбүндөгү шишик тератоманы алып салуу операциясы ийгиликтүү өттү. Тератоманын ичинде бир тутам чач болгон. Ал бала төрөлгөндөн тартып өсүп келген

Маалыматка ылайык, операцияга академик Миталип Мамытов баштаган нейрохирургия бөлүмүнүн дарыгерлери катышкан.
Жалал-Абад облусунан сегиз жаштагы кыздын мээсинин бөлүгүндө көлөмдүү шишик бар экени аныкталган.
"Мээнин 4-карынчасынын түбүндөгү шишик тератоманы алып салуу операциясы ийгиликтүү өттү. Тератоманын ичинде бир тутам чач болгон. Ал бала төрөлгөндөн тартып өсүп келген", — деп айтылат маалыматта.
Чач кыз төрөлгөндөн бери эле өсүп жатканы белгилүү болду. Анын тамыры түйүлдүк туура эмес өскөндүктөн пайда болгон деген божомол бар. Эгер ал өсө берсе секелектин өмүрүнө коркунуч туудурмактыгы айтылды.
ЛОР-дарыгерлер 7 баланын кулагына уникалдуу операция жасады