Кыргызстандыктардын депозиттик каражаты жыл башынан бери 4%га өстү

Банк кардарларынын кредит портфелинин көлөмү 0,5 пайызга жогорулаган. Анда көрсөткүч 259,1 миллиард сомго жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Ушул жылдын 29-февралына карата өлкө аймагында иш алып барган коммерциялык банктардын саны 23тү түзгөн. Алардын филиалдары 319га жетет. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады.
Билдирмеге ылайык, банк секторунун суммардык активдери жыл башынан тартып беш пайыздык өсүү менен 645 миллиард сомду түзгөн.
Аталган тармактагы кардарлардын кредит портфелинин көлөмү жыл башынан бери 0,5 пайызга жогорулады. Анда көрсөткүч 259,1 миллиард сомго жетет.
Улуттук банк Кыргызстандагы банк секторунун кардарларынын жалпы депозиттик базасы жыл башынан тартып 4,1 пайызга өсүү менен 449 миллиард сомду түзгөнүн белгиледи.
Январда Кыргызстандан сыртка 56 млн. доллар которулду