Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Алоолонгон жалындын ичинде калган Триполье жылуулук электр станциясы. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Киевге жакын жайгашкан Триполье жылуулук электр станциясындагы ири өрт түнкү чабуулдардан кийин чыкканын жергиликтүү эл айткан.
Бул окуя туурасында маалымат менен видеолорду Sputnik Ближнее зарубежье жарыялады.
Кадрдан ишкана алоолонгон жалындын ичинде калганын жана асманга кара коюу түтүн көтөрүлүп жатканын көрүүгө болот.
Ал Киев облусундагы кубаттуулугу 1800 МВт болгон энергия өндүрүүчү станция экендиги белгиленген. Ишкана Киев, Черкассы жана Житомир аймактарын энергетика менен камсыздап турат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Запорожье АЭСи дрондордун чабуулуна кабылып, адамдар жабыркады