Акылбек Жапаров: өлкө экономикасы I кварталда 8,8%га өстү

Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын I кварталында Кыргызстандын экономикасы 8,8 пайызга, ал эми Кумтөрдү кошпогондо 9,8 пайызга өстү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Өкмөт башчы бул жөн эле сандар эместигин айтып, президенттин командасынын үч жылдык тынымсыз ишинин натыйжасы экенин белгиледи.
"Биз туура жолдо баратабыз. Мындан ары да мамлекеттик инвестицияларды көбөйтүүгө жана капиталды өнүктүрүүгө көңүл буруп, алдыга жыла беришибиз керек", — деген кабмин башчысы.
Кыргызстандыктардын депозиттик каражаты жыл башынан бери 4%га өстү