Үч татаал чокуга чыга турган Эдуард Кубатовго президент өлкө желегин тапшырды

Мамлекет жетекчиси спортчуларга ыңгайлуу шарттар түзүлөрүн белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов дүйнөдөгү эң татаал деп эсептелген Лхоцзе, Макалу жана К2 чокуларына чыгууну пландап жатканын президент Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
1 / 2

Альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов дүйнөдөгү эң татаал деп эсептелген Лхоцзе, Макалу жана К2 чокуларына чыгууну пландап жатканын президент Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда айтты

2 / 2

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысы спортту өнүктүрүүгө көңүл бурулуп жатканын айтып, спортчуларга жакшы натыйжаларга жетиши үчүн шарттар түзүлөрүн убадалады

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысы спортту өнүктүрүүгө көңүл бурулуп жатканын айтып, спортчуларга жакшы натыйжаларга жетиши үчүн шарттар түзүлөрүн убадалады.
Өз кезегинде Кубатов дүйнөдөгү бардык сегиз миңдик чокуларды багындырууну камтыган абройлуу жана татаал "Жер Таажысы" программасына катышкандыгы тууралуу айтып берген.
Альпинист алдыдагы жүрүштөрүндө кычкылтек колдонулбай "сплит" режиминде жүргүзүлөрү белгиленди.
Президент спортчуга кыргыз желегин тапшырып, чокуларды багындырууда ийгиликтерди каалаган.
Радио
Маметов: тоого чыгуунун пайдасы зор, аны түшүнбөгөндөр көп