Бишкекте чоң жүк ташуучу унаалардын айдоочулары митингге чыкты

Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Бишкектин батыш тарабында, Түштүк магистралда чоң жүк ташуучу унаалардын он чакты айдоочусу митингге чыкты. Алар жылуулук режим жол берсе шаар ичинде жүрүүгө уруксат берүүнү суранууда.
Буга чейин Бишкек мэриясы 5-апрелден 1-октябрга чейин 7:00дөн 21:00гө чейин 18 тоннадан ашкан чоң жүк ташуучу унааларга шаар ичинде жүрүүгө тыюу салган. Чектөө тез бузулуучу азык-түлүктү, гуманитардык жардамды ташыган, мэрия тарабынан курулушка, жол оңдоого тартылган жана муниципалдык буюртманы аткарган унааларга тиешелүү эмес.
1 / 2

Бишкектин батыш тарабында, Түштүк магистралда чоң жүк ташуучу унаалардын он чакты айдоочусу митингге чыкты

2 / 2

Алар жылуулук режим жол берсе шаар ичинде жүрүүгө уруксат берүүнү суранууда

Былтыр күндүн табы 28 градустан жогору болгондо тыюу салынса, быйыл жылуулук режими көрсөтүлбөгөн.
Бүгүн Бишкекте аба ырайы +23 градуска чейин жылыйт.
Мэрия тыюу салууну жол коопсуздугун жакшыртуу, ошондой эле жолду пайдалануу мөөнөтүн узартуу максатында киргизген. Тыюуну бузган жеке жактарга 17,5 миң сом, юридикалык жактарга 55 миң сом айып салынат.
Минкаб башчысына Бишкектеги эки көчө темир жолду кантип кесип өтөрү көрсөтүлдү