Бишкек ТЭЦиндеги авария

Бишкек ТЭЦтин авариядан кийинки чыгымы дээрлик 70 млн. сомду түздү

Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Бишкек ТЭЦиндеги авариядан кийинки чыгымдын алдын ала суммасы 69 миллион 630 миң сомду түздү. Бул тууралуу ведомстволор аралык комиссиянын мүчөсү Болот Ибраев брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, жабдыктардын эскилиги жетип бүткөндүктөн ушундай сумма чыгып отурат. Бирок бул алдын ала гана маалымат, келтирилген зыяндын көлөмү дагы өсүшү мүмкүн.
Эске салсак, 2-февралда Бишкек ТЭЦинде болгон жарылуудан улам 60 миңге жакын батир ысык суусуз жана жылуулуксуз калган. Кырсыктан беш адам жабыркап, алардын экөө Түркияга дарыланууга жөнөтүлгөн.
Бишкек ТЭЦинин авариядан кийинки сүрөттөрү жарыяланды