Бишкек ТЭЦинде кайра жарылуу болгонбу? Жылуулук борбору жооп берди

Буга чейин айрым медиалар ТЭЦтин цехтеринин биринде көмүрдүн чаңы топтолгонунан жарылуу болуп, бир киши жаракат алганын жазган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. ТЭЦте жарылуу болгон эмес, кадимки тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу жылуулук борбору кабарлады.
Белгилей кетсек, буга чейин айрым медиалар ТЭЦтин цехтеринин биринде көмүрдүн чаңы топтолгонунан жарылуу болуп, бир киши жаракат алганын жазган.
ТЭЦ эч кандай жарылуу болбогонун билдирип, бир жумушчу көмүр салган конвейердеги өрттү өчүрүү учурунда термикалык жаракат алганын билдирди. Окуя 10-апрель күнү саат 05:20да катталган.
Жабыркаган жумушчу Бишкектеги Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына жеткирилгени айтылды.
Бишкек ТЭЦиндеги авария боюнча кимдер кантип жазаланары айтылды