Жаңы автобекеттен Каракол, Бостери жана Балыкчыга маршруттук каттам ачылды

Маршруттук каттамды тейлөө үчүн 10 кичи автобус даярдалган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Жаңы автобекетте Каракол, Балыкчы шаарларына жана Бостериге маршруттук каттам ачылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалыматында айтылат.
Билдирүүдө аталган каттамдар 10-апрелден тарта иштеп баштаганы айтылган. Ошондой эле аны тейлөө үчүн 10 кичи автобус даярдалып, алар күн сайын 12:00дөн тарта "Бишкек автобекетинен" чыгышат.
Жол кире төмөндөгүдөй бекитилген:
Бишкек — Каракол – 450 сом;
Бишкек — Бостери – 350 сом;
Бишкек — Балыкчы – 300 сом.
+996 704 190 589, +996 700 981 080 номерлери аркылуу билетти алдын ала алып койсоңуз болот.
Эскерте кетсек, "Бишкек автобекети" муниципалдык ишканасы Алматы көчөсү менен айланма жолдун кесилишинде жайгашкан.
Айланма жолдогу жаңы автобекет менен 25 ташуучу компания кызматташууда. Тизме