БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Бүгүн Бишкекте күрөш боюнча Азия чемпионаты башталат.
Мелдеш 11-16-апрель күндөрү Bishkek arena спорт комплексинде өткөрүлөт. Анда грек-рим, эркин күрөш жана кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча мелдештер болот.
Чемпионаттын алгачкы күнүндө килем үстүнө эркин күрөштүн 57, 65, 70, 79, 97 килограмм салмактагы балбандары чыкмакчы.
Азия чемпионатынан кийин 19-21-апрелде Азия лицензиялык турнири болмокчу.