12-апрелге карата аба ырайы

12-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Жума күнү күндүз дыйканчылык аймактарда жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +16…+21, Талас жеринде +14…+19, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +21…+26, Ысык-Көл чөлкөмүндө +11…+16, Нарын облусунда +15…+20 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +17…+19, Ош шаарында +24…+26 градуска жетет.
Бишкекте ысык суу 22-апрелден 1-июнга чейин өчүрүлмөй болду