БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Кыргызстанда дүйнө жүзүндөгү өсүмдүктөрдүн бардык түрүнүн 2 пайызы, жаныбарлардын 3 пайыздан ашыгы гана кездешет. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Мекеме өлкөдөгү жаныбар, өсүмдүктөрдүн түрүнүн саны, жоголуп бараткандары тууралуу маалымат берген. Билдирмеге ылайык, адистердин баамында, өлкөдө өсүмдүк жана жаныбарлардын 26 500дөн ашык түрү бар.
"Бирок республика бул укмуштуу ар түрдүүлүктүн сакталышына кам көрө турган абалда. Адамдардын иш-аракеттеринен улам алардын көптөгөн түрлөрү жок болуп кеткен, дагы көбү жоголуп кетүү коркунучунда. Жаныбар, өсүмдүктөрдүн көп түрдүүлүгү тынымсыз азайып баратат. Мисалы, жолборс, кызыл карышкыр жана бизон сыяктуу ири жана орто сүт эмүүчүлөрдүн үч түрү жок болуп кеткен. Канаттуулар фаунасында 26 түр жок болуп кетүү коркунучунда турат. Курт-кумурскалардын 150дөн ашык түрү жана 30дан ашык башка омурткасыздар да жок болуп кетиши мүмкүн. Омурткасыздардын эки түрү биздин өлкөдө тукум курут болгондугу аныкталган", — дешти министрликтен.
Кызыл китепке киргизиле турган тизмеге канаттуулардын 57 түрү, сүт эмүүчүлөрдүн — 23, амфибиялардын — 2, сойлоочулардын — 8, балыктардын — 7, муунак буттуулардын 18 түрү, ошондой эле өсүмдүк жана козу карындардын 89 түрү кирет. Министрлик экосистемаларды коргоо жана бардык түрлөрдү коргоо үчүн чаралар көрүлүп жатканы белгилеген.