Роза Отунбаева Москвада маанилүү жолугушууларды өткөрдү

Афганстандагы кырдаал, ал жактагы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу тууралуу кеп болду.
Sputnik
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. БУУнун Афганстанга жардам көрсөтүү миссиясынын жетекчиси Роза Отунбаева КМШнын башкы катчысы Сергей Лебедев менен жалпы маселелерди чечүүдөгү кызматташууну талкуулады. Бул тууралуу Sputnik Афганстан Telegram каналы жазды.
Мындан тышкары, Отунбаева Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Вершининге да кезиккен.
Тараптар Афганстандагы кырдаал, ал жактагы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу, БУУ миссиясынын ЖККУ, КМШ жана ШКУ менен кызматташтыгын бекемдөө тууралуу сүйлөшүшкөн.
Буга чейин өлкөнүн экс-президенти ЖККУнун башкы катчысы менен жолукканы маалым.
Тасмагамбетов менен Отунбаева Афганстанды өнүктүрүүнү талкуулады