Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШ министри Киевдин Россиядагы мунай заводдоруна жасаган чабуулуна түйшөлүүдө

Украинанын учкучсуз аппараттары марттын башынан бери Россиянын мунай иштетүүчү бир нече заводуна чабуул жасаган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Украинанын Россиядагы мунай иштеткен заводдорго чабуул коюшу дүйнөлүк энергетика тармагына коркунуч туудурат. Мындай пикирин АКШнын коргоо министри Ллойд Остин билдиргенин РИА Новости агенттиги жазды.
"Бул чабуулдар глобалдык энергетика тармагына терс таасирин тийгизет", – деген ал АКШ Сенатынын жыйынында.
Американын коргоо министри муну менен катар эле Киев мындай аракеттерин токтотуусу керек деген оюн билдирген.
"Ачык айтканда, менин оюмча, Украина учурдагы тирешүүгө түз таасир бере турган тактикалык жана ыкчам максаттарды көздөгөнү оң", – деп кошумчалаган ал.
Украинанын учкучсуз аппараттары марттын башынан бери Россиянын мунай иштетүүчү бир нече заводуна чабуул жасаган. Анын катарында Нижегород, Самара, Рязань облустарындагы жана Краснодардагы заводдор да бар.
Россия бийлиги Украина террордук өлкөгө айланып кеткенин бир нече жолу айтты. Тактап айтканда, 6-февралда Федерация кеңешинин башчысы Валентина Матвиенко Украинанын "террорчу мамлекети" эч нерседен артка тартпай калганын, анын Куралдуу күчтөрүндөгү учкучсуз аппараттары Россиянын отун-энергетикалык объектилерине да чабуул жасап жатышканын билдирген.
Кийинчерээк Украинанын Коопсуздук кызматынын башчысы Василий Малюк Россиянын мунай өндүргөн заводдоруна кол салууга өзү жетектеген ведомствонун катыштыгы бар экендигин моюндаган, ал эми өлкөнүн премьер-министри Денис Шмыгаль бул чабуулдар РФ жашоочуларына карата жасалганын четке каккан эмес.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин Украинанын Россияга чабуул жасоо аракетинин себебин түшүндүрдү