БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан Россия менен Казакстандагы суу ташкыны боюнча учурдагы абал тууралуу маалыматтарды чогултту.
Казакстандагы кырдаал
Коңшу өлкөнүн жети облусун суу каптаганы маалым. Sputnik Казакстан маалымат агенттиги биринчи вице-премьер Роман Скляр шаар сыртындагы Петропавловск аймагынын тургундарын мажбурлап эвакуациялоону тапшырганын кабарлады. Анткени айрым жашоочулар көчүүдөн баш тартып жатканы айтылат.
Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында, суу ташкындан бери 96 миң адам куткарылган, анын 31 миңден ашыгы — балдар. Убактылуу жашоо пунктуларына 7,6 миң киши жайгаштырылган, анын жарымы — балдар.
Костанай, Акмола, Актөбө жана Караганда облустарында каптаган суу ылдыйлаганы белгиленди. Өлкө бийлиги жабыркагандарга бардык жардамдар көрсөтүлүп жатканын айтты.
Россиядагы абал
Россиянын ӨКМи 37 региондо 10,5 миңден ашык турак үй менен 19,4 миң короону суу каптаганын билдирди. Белгилей кетсек, Орск шаарын Урал дарыясынан коргогон дамба 5-апрелде жырылган.
Оренбург облусунда абал курч бойдон калууда. Ал жакта 10,3 миң үй жана 13,1 миң аймак суу алдында калды. Тиешелүү иштер күнү-түнү жүргүзүлүп, жабыркагандарга жардамдар көрсөтүлүүдө. Соңку маалыматтар боюнча, 7 миң адам коопсуз жайга көчүрүлдү. Россиянын Курулуш министрлигинин башчысы Ирек Файзуллин Оренбург облусунун Орск шаарына келгенин РИА Новости маалымдады.
Ал регионду кыдырып чыккандан кийин үйлөр менен имараттарды калыбына келтирүү боюнча жергиликтүү бийлик органдарынын катышуусунда жыйын өткөрмөкчү. Ошондой эле Россиянын ӨКМ башчысы Александр Куренков менен Тюмень облусунун губернатору суу ташкыны коркунучу бар Ялуторовск районуна чыгып кетишкен.