Папан суу сактагычына 27 миллион долларга чакан ГЭС курулат

Объектини куруу боюнча келишим "Чакан ГЭС" ачык акционердик коому менен "Гидроэнергетика куруу боюнча кыргыз-кытай биргелешкен коому" ишканасынын ортосунда түзүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Папан суу сактагычына чакан ГЭС куруу боюнча макулдашууга кол коюлганын Энергетика министрлиги маалымдады.
1 / 2

Папан суу сактагычына чакан ГЭС куруу боюнча макулдашууга кол коюлганын Энергетика министрлиги маалымдады

2 / 2

Билдирмеге ылайык, келишим "Чакан ГЭС " ачык акционердик коому менен "Гидроэнергетика куруу боюнча кыргыз-кытай биргелешкен коому" ЖЧКсынын ортосунда түзүлгөн. Документке ишкана башчылары Нурлан Садыков менен Цзян Лицзи кол коюшту

Билдирмеге ылайык, келишим "Чакан ГЭС " ачык акционердик коому менен "Гидроэнергетика куруу боюнча кыргыз-кытай биргелешкен коому" ЖЧКсынын ортосунда түзүлгөн. Документке ишкана башчылары Нурлан Садыков менен Цзян Лицзи кол коюшту.
Папан суу сактагычы Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан. Макулдашуу боюнча, анда кубаттуулугу 20-25 мегаваттка чейинки чакан ГЭС курулат.
Мекемеден белгилешкендей, инвестициялык долбоордун көлөмү 27 миллион долларды түзөт. Ошондой "Гидроэнергетика куруу боюнча кыргыз-кытай биргелешкен коому" ЖКЧсы Кыргыз Республикасынын бардык мыйзамдарын сактоого милдеттенме алганын кошумчалашты.
Кыргызстан менен Россиянын энергетика министрлери меморандумга кол коюшту