Радио

Эт жана эт азыктары ЕАЭБдин жаӊы техрегламентине жооп бериши керек

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Данияр Жанузаков эт жана эт азыктарына карата техникалык регламентке кандай өзгөрүүлөр киргенин айтып берди.
Sputnik
7-апрелден тарта ЕАЭБ өлкөлөрүндө эт жана эт азыктарына карата техникалык регламентке кирген өзгөрүүлөр иштей баштады. Бул тууралуу Данияр Жанузаков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өзгөртүүлөргө ылайык, өндүрүүчү маркалоодо белоктун жана майдын курамы боюнча так маалымат көрсөтүлүшү керек.
"Эт жана эт азыктарына карата техникалык регламент ЕЭК кеңеши тарабынан өткөн жылдын сентябрында кабыл алынган. Буга чейин белок, май, углевод жана калориянын этикеткадагы жана иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрдөгү айырма колдонуучуларды адаштырып келген. 2024-жылдын 7-апрелинде күчүнө кирген бул өзгөртүүлөр эт жана эт продукцияларынын азыктык баалуулугу жөнүндө көрсөтүлгөн маалыматты тактайт. Талапка ылайык, эми эт жана эт азыктарындагы белоктун курамы этикеткада көрсөтүлгөндөн 80 пайыздан кем болбошу шарт. Ал эми май, углевод жана калориялуулугу 120 пайыздан ашпашы керек. 7-апрелге чейин берилген же кабыл алынган эт азыктарынын шайкештигин баалоо боюнча документтер мөөнөтү аяктаганга чейин жарактуу. Анын мөөнөтү бүткүчө продукцияны өндүрүүгө жана сатууга уруксат берилет", — деди Жанузаков.
Ал жаңы талаптарды киргизүү тамак-аш коопсуздугун шарттап, ЕАЭБ өлкөлөрүндө бизнес жүргүзүү шарттарына оң таасирин тийгизерин кошумчалады.