Бишкекте театр жаатында билим алган студенттердин эл аралык фестивалы болот

Иш-чарада мыкты роль жараткан, мыкты сценарий жазгандар аныкталып сыйланары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Бишкекте студенттер арасында "Жаңы ысымдар" эл аралык театр фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Билдирмеге караганда, иш-чара 16-19-апрель күндөрү уюштурулат.
"Бул эл аралык фестивалга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Россия жана Азербайжан өлкөлөрүндө театр жаатында билим алып жаткан студенттер катышат. Иш-чара театр артисттери, режиссер, драматург, сынчы, сценографтардын жана көркөм окуу чеберлеринин катышуусунда жаш таланттардын сахнада калыптануусуна стимул берүү жана чет элдик тектеш профилдеги окуу жайлар менен чыгармачылык тажрыйба алмашуу максатында жыл сайын өтүп келет", — деп айтылат маалыматта.
Иш-чарада "Мыкты спектакль", "Аялдын мыкты ролу", "Эркектин мыкты ролу", "Мыкты драматургия" сыяктуу номинациялар боюнча 1-2-3-орун алган жеңүүчүлөр акчалай жана атайын дипломдор менен сыйланары кошумчаланды.
Актуалдуу темадагы спектаклдер аз. Министр театр жетекчилеринин ишин сындады