Министрлик: 13 жылда 15 млрд. сомго айыл чарба техникасы лизингге берилген

Айыл чарба техникасы жылдык үстөгү 6-9 пайыз менен белрилип жатканы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. 2011-жылдан бери дыйкандарга 15 миллиард сомго техника лизингге берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, фермерлерди айыл чарба техникалары менен камсыздоо максатында жылдык үстөгү 6-9 пайыз менен 7 жылдан 10 жылга чейин лизинг берилүүдө.
"2011-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин бардыгы болуп 15 миллиард сомго 6 196 даана техника лизинг жолу аркылуу дыйкандарга берилди. Ал эми 2024-жылдын апрель айынын башына карата 1,4 миллиард сомго 282 техника берилди", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле аталган долбоорго "Айыл банк" оператор экени айтылып, министрликтин көзөмөлүндө ишке ашып жатканы кошумчаланды.
ЕАЭБде айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмү өстү