Таасирин жоготот. Америкалык генерал АКШ кептелчү жоготууларды айтты

Ходжес АКШ НАТО мамлекеттерининин ишениминен кетсе Америка аларга таасир этүү күчүн жоготот деп белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. НАТО мамлекеттеринин Дональд Трамп Ак үйгө кайтып келген күндө да Украинаны курал-жарак менен камсыздоону улантышы АКШнын таасирин жана ишенимин жоготконунан кабар берет. Бул тууралуу АКШ армиясынын Европадагы мурдагы башчысы, отставкадагы генерал Бен Ходжес билдиргенин РИА Новости жазды.
"Өтө уят нерсе. Бул деген биздин союздаштарыбыз Кошмо Штаттарга ишенимин жоготконун билдирет. Эгерде алар бизге ишенбесе, биз аларга таасир эте албайбыз. Украинадагы согуш Украинага эле тиешелүү эмес", — деген ал.
Ходжестин пикиринде, АКШ Украинага канча керек болсо ошончо көмөк көрсөтөт дегенине эч ким ишенбей калган. Ал АКШнын эң ишенимдүү союздаштары Европада экендигин кошумчалады.
Апрель айынын башында Politico гезити өздүк булактарына таянуу менен НАТО Дональд Трамп кайрадан шайланып келиши мүмкүн деген кооптонуудан улам Вашингтон башында турган Киевге курал жеткирүү боюнча координациялык топту башкарууну өз колуна алышы мүмкүн экендигин жазган. Бул Украинага көрсөтүлчү жардамга Европа менен АКШдагы бийликтин алмашуусу таасир эте албай калышын шарттамак.
"Тажатты". Америкалык офицер АКШнын маанисиз чечимдеринен кийин үн катты