11-апрелге карата аба ырайы

11-апрелге караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Бейшемби күндүз республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй менен Баткенде +19...+24, Талас жергесинде +16...+21, Ош, Жалал-Абад облустарында +21...+26, Ысык-Көлдө +13...+18 жана Нарын жергесинде +15...+20 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +21...+23, Ошто +24...+26 градуска жетет.
30 градуска чейин жетет! Апрель айына карата аба ырайы