Радио

Ысык-Көл акырындан балырланууда. Экологдор коңгуроо кагып жатат

Биология илимдеринин кандидаты, экология жаатында эксперт Нурзат Тотубаева Ысык-Көлдөгү экологиялык көйгөйлөрдү чечүү үчүн комплекстүү иштер жасалышы керектигин айтты.
Sputnik
2021-жылдагы изилдөөнүн натыйжасында Ысык-Көл үч жеринен орточо балырланган абалга жылгандыгы аныкталган. Бул тууралуу Нурзат Тотубаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Балыкчы, Оттук, Григорьевка жана Түп аймактарында суунун кирдөөсү эвтрофтук абалга өтүп баратканы белгилүү болгон. Балырлануу өтө жай жүргөн процесс.
"Ысык-Көл бүгүн абдан чоң экологиялык көйгөйлөргө туш болуп турат. Аны сактап калуу үчүн комплекстүү иш-чараларды жасашыбыз керек. Таштандылар, мыйзамсыз балык уулоо, жерлерди мыйзамсыз трансформациялоо, мыйзамсыз жерлерге үй куруунун баары Көлдүн суусунунун тазалыгына, тунуктугуна таасирин тийгизет. 2000-жылдары эле Ысык-Көл органикалык заттарга жакыр көлдөрдүн катарына кирчү. Ал эми 2021-жылдагы изилдөөнүн натыйжасында ал үч жеринен орточо балырланган абалга жылгандыгы аныкталган", — деди Тотубаева.
Ал мезатрофтук абалда турган көлгө ушундай мамиле жасала берсе аны толук балыр басып кетерин кошумчалады.