Тасмагамбетов менен Отунбаева Афганстанды өнүктүрүүнү талкуулады

ЖККУ Афганстандын көз карандысыз, бирдиктүү жана террорчулуктан, согуштан, баңгизаттан алыс мамлекет болушуна кызыкдар.
Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Жамааттык коопсуздук жана кызматташуу уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов менен Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысынын Афганстан боюнча атайын өкүлү, Афганстанга жардам көрсөтүү миссиясынын жетекчиси (UNAMA) Роза Отунбаева жолукту. Бул туурасында ЖККУнун маалымат кызматынан кабарлашты.
Миссия жетекчиси аймактагы тынчтык жана туруктуулукту камсыздоо үчүн БУУнун колдоосу иштеп жаткан эл аралык көмөк көрсөтүүнүн негизги багыттары, Афганстандын эл аралык коомчулукка аралашуусу боюнча айтып берген. Андан сырткары, өлкөнүн ичиндеги саясий өңүттөгү өзгөрүүлөр, өнүгүүлөр туурасында да кеп кылган.
Тасмагамбетов ЖККУга мүчө өлкөлөр Афганстандын көз карандысыз, бирдиктүү жана террорчулуктан, согуштан, баңгизаттан алыс мамлекет болушун каалаарын айткан. Эске салсак, буга чейин аталган уюмдун Евразиядагы орду жана мааниси арта турганын белгилеген.
Тасмагамбетовдун айтымында, эскилери көбүртүп-жабыртылып, жаңы чатактар от алып, "дүйнөлүк мурдагы тартип бузулуп" жаткан шартта аскердик-саясий союздаштыкка кадимкидей муктаждык жаралууда.
"Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш жана тарых аны тастыктоодо. Аны менен кошо алганда ЖККУ бир топ эле пайдалуу шарттарды сунуштап жатат", — деген маегинде.
Ал ЖККУнун башкы артыкчылыктарынын бири катары "блоктук катуу дисциплинанын" жоктугун, уюмдун алкагында чечимдердин демократиялык мүнөздө кабыл алынышын белгилеген.
Кризистик кырдаалды жөнгө салууда ЖККУ биринчи орунга саясий-дипломатиялык ыкмаларды коюп, ага маани берет.
Тасмагамбетов тынчтык орнотуучу ишмердүүлүктү ЖККУнун кеңейишиндеги өзүнчө программа же уюмдун алкагындагы кызматташуунун жаңы форматтарынын жаралышы деп атаган. Келечекте тынчтык орнотуучуларга муктаждыктын өсө турганын өкүнүү менен белгилеген.
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
Тасмагамбетов: террорчулук согуштун гибриддик куралы катары колдонулууда