Сергей Лавров менен Си Цзиньпин Пекинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү

Кытай лидеринин айтымында, Пекин менен Москва өз ара кызматташууга жана эки тараптуу мамилелерди туруктуу өнүктүрүүгө кызыкдар.
Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Пекинге иш сапары менен барган Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровду кабыл алганын РИА Новости жазды.

"Сиздин соңку жылдарда жетишкен ийгиликтериңизге суктанганыбызды билдиргибиз келет. Бул жетишкендиктер бизди чын жүрөктөн кубандырат. Бирок дүйнөнүн баары эле мындай ойдо эмес, кээ бирлер Кытай менен Россиянын өнүгүүсүн токтоткусу келет", — деди Лавров.

Ал ошондой эле эки өлкө дипломатиялык мамилелердин орношунун 75 жылдыгын татыктуу белгилей турганына ишенимин билдирди. Министрдин айтымында, мамлекет башчыларынын аркасы менен РФ менен КЭРдин ортосундагы ар тараптуу өнөктөштүк жана стратегиялык кызматташуу мамилелери болуп көрбөгөндөй деңгээлге жетти.
Си Цзиньпин Россиянын ТИМ башчысы тажрыйбалуу дипломат жана кытай элинин эзелтен берки досу экенин белгиледи. Ал Пекин менен Москва тынчтыкта жанаша жашоо жолуна түшкөнүн жана өз ара кызматташтыкты өнүктүрүүнүн үстүндө иштеп жатканын белгиледи.
Лавров: Батыш болгон күчү менен үстөмдүгүн сактоого аракет кылууда