Жапаров: Кыргызстан менен Азербайжандын кызматташуусу бекемделет

Жолугушууда соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө тоскоол болгон бардык маселелер жөнгө салынды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамовду кабыл алганда билдиргенин өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

Эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө тоскоол болгон бардык маселелер жөнгө салынды

2 / 2

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамовду кабыл алганда билдиргенин өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады

Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо зарылдыгы белгиленди.
"Акыркы жылдары эки тараптуу мамилелердин тарыхында чоң жылыш болду — 2022-жылы жогорку деңгээлдеги эки сапар уюштурулуп, өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө тоскоол болгон бардык маселелер жөнгө салынды", — деп айтылат маалыматта.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Садыр Жапаров Азербайжан президенти Илхам Алиевге салам жолдоду.
Өз кезегинде тышкы иштер министри Садыр Жапаровду быйыл Азербайжанга чакырганы кошумчаланды.
Садыр Жапаров Казакстандын премьер-министри Олжас Бектеновду кабыл алды