Садыр Жапаров "мекенчилдердин" кармалышы боюнча пикирин айтты

Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Кийинки убакта "мекенчилмин" деген аферист, шантажчылар пайда болду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирген.
Буга чейин Бишкекте бейбаштык кылган топ кармалып, алты шектүүнүн сүрөтү жарыяланган. Соцтармакта кармалгандар "Мекенчил" партиясынын өкүлдөрү экендиги айтылып, журналист өлкө башчыга ушул багытта суроо узаткан. Аталган саясий уюмду кезинде Садыр Жапаров негиздеп, лидери болгон.
Президенттин айтымында, камалгандардын экөө шантаж менен жеңил акча таап жан багууга өтүп алышкан. Ошондой эле мамлекет башчы камалгандардын биринин шантаж кылып жүргөн СМС-билдирүүлөрүн, телефон чалууларын, үн жазууларын угуп, бир ай мурда чакырып бир туугандарынын көзүнчө эскертүү бергенин айтты.
"Эгер кимде-ким мыйзамсыз иштерге барса, бирөөдөн шантаж кылып акча дооласа, коррупцияга аралашса "мекенчил" эмес, ким болсо да жоопко тартылат. Мекенчил болсоң чын жүрөктөн мекенчил бол. Мамлекет үчүн мекенчил бол. Мен мекенчилмин деп бирөөгө милдет кылба. Чыныгы мекенчилдер кыйкырбай эле, милдет кылбай эле мекенчил болуп жүрүшөт. Алардын баарын билем, тааныйм, бийик баалайм", — деген Жапаров.
Өлкө башчы эч убакта бир жактуу жыйынтык чыгарбай турганын белгилеген.
"Эшек жайлоо" эмей эмне? Садыр Жапаров бейөкмөт уюмдарга тиешелүү мыйзам тууралуу